Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah An-Najm — Ayah 23

إِنۡ هِيَ إِلَّآ أَسۡمَآءٞ سَمَّيۡتُمُوهَآ أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلۡطَٰنٍۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَمَا تَهۡوَى ٱلۡأَنفُسُۖ وَلَقَدۡ جَآءَهُم مِّن رَّبِّهِمُ ٱلۡهُدَىٰٓ ٢٣
Бул айкелдер жөн гана маанисиз аталыштар. Алар кудайлык сыпаттарга ээ эмес. Аларды өзүңөр жана ата-бабаларыңар эле атап алгансыңар. Аллах буга эч кандай далил түшүргөн эмес. Мушриктер өз ишенимдеринде божомолго гана ээрчишет жана шайтан алардын жүрөктөрүндө кооз кылып көргөзгөн нерселерди каалашат. Аларга пайгамбардын тилинде Раббиси тараптан акыйкат келди. Бирок алар ал жолго түшүшкөн жок.