Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah An-Najm — Ayah 32

ٱلَّذِينَ يَجۡتَنِبُونَ كَبَٰٓئِرَ ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡفَوَٰحِشَ إِلَّا ٱللَّمَمَۚ إِنَّ رَبَّكَ وَٰسِعُ ٱلۡمَغۡفِرَةِۚ هُوَ أَعۡلَمُ بِكُمۡ إِذۡ أَنشَأَكُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ وَإِذۡ أَنتُمۡ أَجِنَّةٞ فِي بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡۖ فَلَا تُزَكُّوٓاْ أَنفُسَكُمۡۖ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَنِ ٱتَّقَىٰٓ ٣٢
Чоң күнөөлөрдөн жана бузуку иштерден сактангандардын кичине күнөөлөрү, чоң күнөөдөн сактанып, көп ибадат кылганы себептүү кечирилет. О, пайгамбар! Чынында, Раббиңдин кечиримдүүлүгү чексиз. Ал пенделери тобо кылса, күнөөлөрүн кечирет. Ал силерди атаңар Адамды топурактан жараткандан (баштап) энеңердин ичинде улам өөрчүгөн түйүлдүк кездеги абалыңарды жана (кийинки) жасаган иштериңерди жакшы билет. Ага ч нерсе жашыруун эмес. Андыктан, өзүңөрдү такыбамын деп мактабагыла. Аллах Тала анын буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылган такыбаларды жакшы билет.