Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Mujadila — Ayah 1

قَدۡ سَمِعَ ٱللَّهُ قَوۡلَ ٱلَّتِي تُجَٰدِلُكَ فِي زَوۡجِهَا وَتَشۡتَكِيٓ إِلَى ٱللَّهِ وَٱللَّهُ يَسۡمَعُ تَحَاوُرَكُمَآۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٌ ١
Оо, пайгамбар! Аллах Хаулат бинт Саалаба деген аялдын сөзүн укту. Аны күйөөсү Аус ибн ас-Самит «зихар» кылганда, ал күйөөсү тууралуу сени менен сүйлөшкөнү келди жана анын кылганын Аллахка айтып даттанды. Аллах экөөңөрдүн талаш сөзүңөрдү укту. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Чындыгында Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Көрүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.