Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah At-Tahrim — Ayah 8

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ تُوبُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ تَوۡبَةٗ نَّصُوحًا عَسَىٰ رَبُّكُمۡ أَن يُكَفِّرَ عَنكُمۡ سَيِّـَٔاتِكُمۡ وَيُدۡخِلَكُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ يَوۡمَ لَا يُخۡزِي ٱللَّهُ ٱلنَّبِيَّ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥۖ نُورُهُمۡ يَسۡعَىٰ بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَبِأَيۡمَٰنِهِمۡ يَقُولُونَ رَبَّنَآ أَتۡمِمۡ لَنَا نُورَنَا وَٱغۡفِرۡ لَنَآۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ ٨
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахка күнөөлөрүңөр үчүн чындап тообо кылгыла. Балким Раббиңер кыямат күнү күнөөлөрүңөрдү кечирип, хан сарайларынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Ал күнү Аллах пайгамбарды жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди тозокко киргизип кордобойт. Алардын нуру Сыратта алдыларынан жана оң тарабынан жаркырап жүрөт. Алар айтышат: «Оо, Раббибиз! Биз бейишке киришибиз үчүн жана Сыраттан нурлары өчүп калган эки жүздүүлөрдөй болуп калбашыбыз үчүн нурубузду толук кыл жана күнөөлөрүбүздү кечир. Чындыгында Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң. Сен нурубузду толук кылууга жана күнөөлөрүбүздү кечирүүгө алсыз эмессиң».