Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah Al-'Ankabut — Ayah 53

29:53
وَيَسۡتَعۡجِلُونَكَ بِٱلۡعَذَابِ وَلَوۡلَآ أَجَلٞ مُّسَمّٗى لَّجَآءَهُمُ ٱلۡعَذَابُۚ وَلَيَأۡتِيَنَّهُم بَغۡتَةٗ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ ٥٣
«Азабыңды алып кел» деп сени шаштырып жатышат.[1] Эгер белгиленген мөөнөт болбогондо, аларга азап тез эле келмек.[2] Жана аларга азап капысынан, (эч нерсени) сезбей турган учурда келип калат!1
Footnotes
  • [1]

    Жалган кудайларга ыйман келтирип, аларды Беймуктаж Аллахка шерик, теңдеш, ортомчу кылып, ошолорго дуба, ибадат кылып жаткандарга Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам: «Мунуңарды койгула! Эгер ушинте берсеңер Аллахтын азабы ушул эле дүйнөдө башыңарга түшүп калышы мүмкүн!» деп эскерткенде ушинтип шаштырышкан.

    [2] Акыры, ошол Аллах белгилеген мөөнөт да келди: «Бадр» согушу, мушриктер үчүн күтүлбөгөн зор азап болду. Андан жабыр тартпаган каапыр үй-бүлөлөр аз эле калды.