Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah Ar-Rum — Ayah 24

30:24
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ يُرِيكُمُ ٱلۡبَرۡقَ خَوۡفٗا وَطَمَعٗا وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَيُحۡيِۦ بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ ٢٤
Жана Анын белгилеринен: (чагылгандын оту түшүүсүнөн) коркуп, жамгырдан) үмүт кылышыңар үчүн[1] силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн[2] соң тирилтет. Албетте мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.1
Footnotes
  • [1]

    Чагылгандан көпчүлүк корксо, көпчүлүк үмүт кылат. Тоолуу аймактагылар чагылган чартылдаганда «Кудай-ай! Дагы бир жерди сел каптап кетпегей эле!» - деп кооптонсо, чөлдө жашап, тамчы сууга зар болгондор чагылгандан сүйүнүп, жамгыр үмүт кылышат.

    [2] Жерге жамгыр жаабаса, ал өлөт. Б.а. кургап түшүмсүз болуп калат. Кийин Аллах жамгыр жаадырып, өлүк жерди тирилтет.