Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah Al-Ahzab — Ayah 51

33:51
۞ تُرۡجِي مَن تَشَآءُ مِنۡهُنَّ وَتُـٔۡوِيٓ إِلَيۡكَ مَن تَشَآءُۖ وَمَنِ ٱبۡتَغَيۡتَ مِمَّنۡ عَزَلۡتَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكَۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَن تَقَرَّ أَعۡيُنُهُنَّ وَلَا يَحۡزَنَّ وَيَرۡضَيۡنَ بِمَآ ءَاتَيۡتَهُنَّ كُلُّهُنَّۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا فِي قُلُوبِكُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَلِيمٗا ٥١
(Дагы) Сен аялдар(ың)дан каалаганыңды (түнөө күнүн) кечиктирип, каалаганың менен (ошол түнү) боло аласың. Жана күнүн кечиктирген аялдарыңдан кимисине (кайра) барсаң да, сага күнөө жок.[1] Бул (сенин ыктыярдуу адилетиң) аялдарыңдын көздөрү кубануусуна, капаланбоосуна жана бардыгына сен берген кезек-насиптерине ыраазы болууларына жакыныраак нерсе. Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени билип турат. Аллах Билүүчү, Жумшак (жазалоого шашпайт).1
Footnotes
  • [1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салам башка момундардан айырмаланып, аялдарынын кимисине барууда ыктыярдуу кылынды. Эгер ал төшөк маселесинде аялдарынын арасында адилет кылган болсо, бул анын өз каалосу менен болгон.