Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah As-Saffat — Ayah 8

37:8
لَّا يَسَّمَّعُونَ إِلَى ٱلۡمَلَإِ ٱلۡأَعۡلَىٰ وَيُقۡذَفُونَ مِن كُلِّ جَانِبٖ ٨
Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.[1] (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат.1
Footnotes
  • [1] Асмандарда эң жогорку жамаат-периштелер жамааты бар. Алардын арасында Аллах билдирген жана буюрган келечек кабарлары жөнүндө өз-ара сөз болушу табигый. Ал эми, жер бетиндеги жин-шайтандар кээ бир таза эмес адамдар менен байланыш түзүп, аларга келечек кабарларын билдирип турууну убада берет. Ал адамдар - палчылар, көзү ачыктар, бакшылар. Ошентип, бир бакшы-көзү ачык менен байланыш түзгөн жин-шайтандар жогорку асмандардагы жогорку жамааттын сөздөрүн уурдоо үчүн жогорку асманды аңдып, сагалашат. Бирок, «Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт».