Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah As-Saffat — Ayah 98

37:98
فَأَرَادُواْ بِهِۦ كَيۡدٗا فَجَعَلۡنَٰهُمُ ٱلۡأَسۡفَلِينَ ٩٨
Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук.[1]1
Footnotes
  • [1] Ибрахимди чоң жалынга ыргытышып, аны жеңдик, кутулдук деп калышкан. Бирок, Аллахтын амалкерлиги жогору келди. Ал отко «Ибрахимге муздак жана зыянсыз бол!» деп буйрук берди. От дагы Аллахтын бир пендеси. Буйрукка моюн сунду. Ибрахим оттун ичинен аман-эсен чыгып келип, бул кежирленген, таш боор элден, каапыр атадан түңүлүп, баш алып кетүүнү каалады.