(Мухаммадга ыйман келтирбеген) китеп элдери билип алышсын: алар Аллахтын пазилетинен эч нерсеге ээ эмес. Пазилет Аллахтын гана Колунда, аны каалаган пендесине берет.[1] Аллах улук пазилет Ээси!1
Footnotes
[1]
Ибрахим пайгамбардан бери өздөрүнүн арасынан удаама-удаа пайгамбарлар чыгышына көнүп калган яхуди улутундагы иудейлер менен христиандар акыркы пайгамбарлык арабдар арасындагы Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга берилсе, көралбастык менен ага ыйман келтирүүдөн караманча баш тартышкан эле.