Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah Al-Hashr — Ayah 7

59:7
مَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡقُرَىٰ فَلِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِ كَيۡ لَا يَكُونَ دُولَةَۢ بَيۡنَ ٱلۡأَغۡنِيَآءِ مِنكُمۡۚ وَمَآ ءَاتَىٰكُمُ ٱلرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَىٰكُمۡ عَنۡهُ فَٱنتَهُواْۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ ٧
Аллах (Бану Назир) айылынын элинен Өз пайгамбарына олжолоп берген нерсе Аллахка,[1] пайгамбарга, тууган-туушкандарга,[2] жетимдерге, бей-бечараларга жана мусапырларга (бөлүнөт. Мунун себеби байлык) араңардагы (бир ууч) байлардын колунда гана айланган мүлк болуп (кембагалдар бейнасип) калбаш үчүн.[3] Жана (оо, момундар!) Пайгамбар силерди эмнеге буюрса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла! Аллахтан корккула, чынында Аллахтын азабы катуу!1
Footnotes
  • [1]

    Аллахтын дининин күч алышы үчүн.

    [2] Мунун себеби, пайгамбар менен анын туугандары садака жебейт.

    [3] Мурунку замандарда көбүнчө аскерлерди улоо жана курал-жарак менен бай адамдар каржылап, олжону дагы байлар алышкан. Бул аят ошол эрежени жокко чыгарды.