Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah At-Talaq — Ayah 1

65:1
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِذَا طَلَّقۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَطَلِّقُوهُنَّ لِعِدَّتِهِنَّ وَأَحۡصُواْ ٱلۡعِدَّةَۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ رَبَّكُمۡۖ لَا تُخۡرِجُوهُنَّ مِنۢ بُيُوتِهِنَّ وَلَا يَخۡرُجۡنَ إِلَّآ أَن يَأۡتِينَ بِفَٰحِشَةٖ مُّبَيِّنَةٖۚ وَتِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِۚ وَمَن يَتَعَدَّ حُدُودَ ٱللَّهِ فَقَدۡ ظَلَمَ نَفۡسَهُۥۚ لَا تَدۡرِي لَعَلَّ ٱللَّهَ يُحۡدِثُ بَعۡدَ ذَٰلِكَ أَمۡرٗا ١
Оо, пайгамбар! Эгер аялдарга талак берчү болсоңор, «идда» мөөнөттөрүндө талак бергиле.[1] Анан идда мөөнөтүн эсептегиле жана Раббиңер – Аллахтан корккула! Анык бузук иш (зынаа) кылбаса, аларды үйүнөн чыгарып койбогула жана алар да чыгып кетишпесин! Булар – Аллахтын чектөөлөрү. Ким Аллах белгилеген чектен чыгып кетсе, өзүнө зулум кылган болот. Сен билбейсиң, Аллах ушундан (өкүмдөрдү сактагандан) кийин (эрди-катын үчүн бир пайдалуу) ишти болтурса ажеп эмес.[2]1
Footnotes
  • [1]

    «Идда мөөнөттөрүндө талак бергиле» дегени, иддасына чейин, айыздан таза абалында, жакындык кылбай туруп талак бергиле деген мааниде.

    [2] Мусулман адамдар талакты оюнчук кылып албаш керек. Анын да эрежелери бар. Ал эми, эрежеси менен талагы берилген аялдарды үйдөн чыгарып жиберилбейт. Ал аял идда мөөнөтү (үч ирет этек кири келип, үч ирет тазалануу убактысы) аяктаганга чейин үйүндө олтурууга жана күйөөсү тарабынан каржыланууга тийиш. А, эгер талактын себеби аялдын бузуктугунда болсо, анда эрежеси менен талак кылгандан кийин үйдөн чыгарып жиберсе болот.