Биз дүйнө асманын жылдыз-чырактар менен кооздоп, аларды шайтандар үчүн атылуучу таш кылдык. Жана Биз алар (шайтандар) үчүн (Акыретте) тозок азабын даярдап койдук.[1]1
Footnotes
[1]
Табеин уламаларынан бири Катааданын күбөлүк беришинче жылдыздар үч максат: Асманга кооздук-зыйнат, адашкан жолоочуларга жол көргөзгүч, шайтандарга таш бараң үчүн жаратылган.(Табарий) Демек жылдыздарга карап төлгө ачуу, эртеңки күндөн кабар берүү жана ал төлгөлөргө ишенүү - бул анык адашуу жана каапырчылык.