Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah Al-Qalam — Ayah 17

68:17
إِنَّا بَلَوۡنَٰهُمۡ كَمَا بَلَوۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ إِذۡ أَقۡسَمُواْ لَيَصۡرِمُنَّهَا مُصۡبِحِينَ ١٧
Биз аларды бак-бостон ээлерин сынаганыбыз сыяктуу сынадык.[1] Бир кезде (бак ээлери) бакты(н түшүмүн) таңга маал (эч ким тура элек мезгилде) жыйнап алууга ант ичишти.1
Footnotes
  • [1] Мекке мушриктерине Аллах таала өтө көп мөөнөт берип, дүйнөлүк нээматтардан кем кылбай, бирок ошол эле учурда кана, качан ыйман келтиришет экен деп сынап турду. Бирок алар ыйманга кирүүнүн ордуна каапырчылыкта текеберленип кетишти жана өздөрүнүн акыреттерин күйдүрүп алышты. Эмки аяттарда Аллах таала алардын бул жоругун, бак-дарактарынын түшүмүнөн ихсан (садака) кылууга кызганган, мунун натыйжасында Аллах алардын бактарына асмандан өрт жиберип, не бактан жок, не акыреттик сооптон жок куржалак олтуруп калган кишилерге окшотот.