Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah Al-Qalam — Ayah 44

68:44
فَذَرۡنِي وَمَن يُكَذِّبُ بِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِۖ سَنَسۡتَدۡرِجُهُم مِّنۡ حَيۡثُ لَا يَعۡلَمُونَ ٤٤
(Оо, Мухаммад!) Сен бул Сөздү (Куранды) жалган дегендерди Мага кой! Биз аларды билбеген тарабынан эч билгизбей азапка салабыз![1]1
Footnotes
  • [1] Бул аятта Аллах Мекке мушриктерин, каапыр болоор замат азапка салбай, акырындык менен, мөөнөт берип, бир аз - бир аздан нээмат жана өмүр берип, даражама - даража алып барып, качан алар эч нерсени капарына илбей, “Аллах бизге кайра нээмат берип жатат го. Демек, бир нерсебиз Аллахка жаккан окшойт” деп бейкапар болуп калгандан кийин гана азап жиберүү жөнүндө айтып жатат.