Эми (оо, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Балыктын «ээси» (Юнус пайгамбар) сыяктуу (элиңе сабырсыз) болбо! Бир кезде ал (балыктын ичине) жутулган бойдон (капкараңгы курсакта отуруп) Раббисине дуба кылган болчу.[1]1
Footnotes
[1]
Юнус пайгамбардын толугураак баяны менен таанышуу үчүн “Анбия”, “Саффат” жана “Юнус” сүрөлөрүнө кайрылыңыз.