Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah Al-Jinn — Ayah 11

72:11
وَأَنَّا مِنَّا ٱلصَّٰلِحُونَ وَمِنَّا دُونَ ذَٰلِكَۖ كُنَّا طَرَآئِقَ قِدَدٗا ١١
Биздин арабызда (ыймандуу) жакшыларыбыз да, андан башкачаларыбыз да бар. Биз ар кандай жолдогулар элек.[1]1
Footnotes
  • [1] Жиндердин арасында инсандар менен байланыш жасагандары бар. Эгер кайсы адамдын байланыштагы жини ыймандуу болсо, ага ар кандай нерселерди айтып башын оорутпайт. Эгер сураса учурдагы кээ бир сырларды дароо билип келип, кабарлашы мүмкүн. Себеби Аллах таала аларга биз элестете албай турган ылдамдуулукту берген. Ал эми кимдин байланышкан жини каапыр болсо анын кулагына жалгандан “кайып кабарларын” шыбырап, ал аркылуу адамдарды шылдыңдап, маскара кылышат. Ошондуктан мусулмандар билиши керек: арабыздагы “эртең андай болот, мындай болот”, “мага кайыптан, космостон кабар келет” деп “кайыптан” сүйлөгөндөр ошол каапыр жиндердин адамдардын башы айлантуучу өнөктөштөрү