(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла![1]1
Footnotes
[1]
Демек, мечиттерде Аллах таалага кошуп башка кудайларга дуба (ибадат) кылбаш керек. Маселен, христиандардын Аллах таалага сыйынуучу ибадаткана деп эсептелген чиркөөлөрүндө Исанын, Бүбү Марямдын айкел-сүрөттөрү илинип турат жана алар Аллахка шерик кылып ошол иконаларга да сыйынышат.