Kyrgyz hakimov

Ayah by Ayah

Tags

Download Links

Kyrgyz hakimov translation for Surah Al-Jinn — Ayah 24

72:24
حَتَّىٰٓ إِذَا رَأَوۡاْ مَا يُوعَدُونَ فَسَيَعۡلَمُونَ مَنۡ أَضۡعَفُ نَاصِرٗا وَأَقَلُّ عَدَدٗا ٢٤
Алар өздөрүнө убада кылынган нерсени (азапты) көргөндө, кимдин колдоочусу алсызыраак жана саны азыраак экенин билип алышат.[1]1
Footnotes
  • [1] Аллах таала Куранда убада кылган акырет эсеп-китебине ишенбеген мушриктер мусулмандарды колдоочусу жок деп кодулап, “Биздин кудайлар бизди колдойт” деп мактанышкан. Бирок, ошол күн келгенде ишенген кудайлары оор абалдарына жардам бере албай, алардан качып, чанып кетет. Ал эми мусулмандардын оор күнүндө Аллах тааланын Өзү жардам берет, пайгамбарлары боор тартып, Аллах тааладан кечирим сурап берет. Периштелер дагы аларга жумшак, сылык мамиле кылышат. Бирок, убада кылынган ошол Күн (Кыямат) качан болушун эч ким: Аллахка жакын периштелер дагы, пайгамбарлар дагы билбейт.