Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah An-Nur — Ayah 33

وَلۡيَسۡتَعۡفِفِ ٱلَّذِينَ لَا يَجِدُونَ نِكَاحًا حَتَّىٰ يُغۡنِيَهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۗ وَٱلَّذِينَ يَبۡتَغُونَ ٱلۡكِتَٰبَ مِمَّا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡ فَكَاتِبُوهُمۡ إِنۡ عَلِمۡتُمۡ فِيهِمۡ خَيۡرٗاۖ وَءَاتُوهُم مِّن مَّالِ ٱللَّهِ ٱلَّذِيٓ ءَاتَىٰكُمۡۚ وَلَا تُكۡرِهُواْ فَتَيَٰتِكُمۡ عَلَى ٱلۡبِغَآءِ إِنۡ أَرَدۡنَ تَحَصُّنٗا لِّتَبۡتَغُواْ عَرَضَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۚ وَمَن يُكۡرِههُّنَّ فَإِنَّ ٱللَّهَ مِنۢ بَعۡدِ إِكۡرَٰهِهِنَّ غَفُورٞ رَّحِيمٞ ٣٣
Жардылыгы себептүү үйлөнө албай жүргөндөр Аллах аларды кең пейилдиги менен байытканга чейин зынадан абийирлерин таза сакташсын. Кулдардын арасынан кимиси кулчулуктан кутулуш үчүн акча төлөп кожоюндары менен азаттык келишимин түзүүнү кааласа жана кожоюндары алардын кутулуп кете аларын жана диндарлыгын билишсе, анда алардын бул сунушун кабыл алышсын. Алар ортодо келишкен төлөмдүн бир бөлүгүн алардан кечип Аллахтын аларга берген мүлктөрүнөн беришсин. Жана күңдөрүңөр өз абийирин сатып тапканын алыш үчүн аларды акча тап деп зына кылууга мажбурлабагыла! (Абдуллах ибну Убайдын эки күңү бузукулуктан алыс болобуз, абийирибизди сактайбыз деп айтышса да ага карабай күңдөрүн мажбурлаган). Араңардан ким аларды ушундай кылууга мажбурласа, акыйкатта Аллах алар мажбурланууга кабылган соң ал күңдөрдүн күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу. Анткени алар зордоого кабылышты жана күнөөсүн зордогондор көтөрөт.