Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah An-Nur — Ayah 35

۞ ٱللَّهُ نُورُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ مَثَلُ نُورِهِۦ كَمِشۡكَوٰةٖ فِيهَا مِصۡبَاحٌۖ ٱلۡمِصۡبَاحُ فِي زُجَاجَةٍۖ ٱلزُّجَاجَةُ كَأَنَّهَا كَوۡكَبٞ دُرِّيّٞ يُوقَدُ مِن شَجَرَةٖ مُّبَٰرَكَةٖ زَيۡتُونَةٖ لَّا شَرۡقِيَّةٖ وَلَا غَرۡبِيَّةٖ يَكَادُ زَيۡتُهَا يُضِيٓءُ وَلَوۡ لَمۡ تَمۡسَسۡهُ نَارٞۚ نُّورٌ عَلَىٰ نُورٖۚ يَهۡدِي ٱللَّهُ لِنُورِهِۦ مَن يَشَآءُۚ وَيَضۡرِبُ ٱللَّهُ ٱلۡأَمۡثَٰلَ لِلنَّاسِۗ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ ٣٥
Аллах асмандар менен жердин нуру жана алардын ортосундагы нерселерди туура багытка жолдоочу. Ыймандуу адамдын жүрөгүндөгү Анын нуру – чырак коюлган дубал боорундагы оюк текче сыяктуу. Чырак болсо каухардай жаркырак жылдыз сымал жаркыраган шишенин ичинде. Ал чырак берекелүү дарактын майы менен күйөт. Ал зайтун дарагы. Ал даракты эртели-кеч күндөн эч бир нерсе тоспойт. Анын майына от тийбесе да тунуктугунан эле жаркырайын деп турат. А эгер тийсе кандай болот?! Чырактын нуруна шишенин нуру кошулду. Ыймандуунун жүрөгү да ушундай, эгер анын ичинде хидаят нуру жаркырай турган болсо. Аллах пенделеринен кимди кааласа Куранды ээрчүүгө ийгилик берет. Аллах кээ бир нерселерге өздөрүнө окшош нерселерди айтып мисалдарды келтирет. Аллах бардык нерсени Билүүчү. Ага анын эч бири жашыруун эмес.