Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah An-Nur — Ayah 58

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لِيَسۡتَـٔۡذِنكُمُ ٱلَّذِينَ مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡ وَٱلَّذِينَ لَمۡ يَبۡلُغُواْ ٱلۡحُلُمَ مِنكُمۡ ثَلَٰثَ مَرَّٰتٖۚ مِّن قَبۡلِ صَلَوٰةِ ٱلۡفَجۡرِ وَحِينَ تَضَعُونَ ثِيَابَكُم مِّنَ ٱلظَّهِيرَةِ وَمِنۢ بَعۡدِ صَلَوٰةِ ٱلۡعِشَآءِۚ ثَلَٰثُ عَوۡرَٰتٖ لَّكُمۡۚ لَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ وَلَا عَلَيۡهِمۡ جُنَاحُۢ بَعۡدَهُنَّۚ طَوَّٰفُونَ عَلَيۡكُم بَعۡضُكُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ ٥٨
О, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын шариятын аткаргандар! Кулдарыңар, күңдөрүңөр жана балакат курагына жетпеген жаш балдар силерге кирүүдө үч убакта уруксат сурасын: багымдат намазына чейинки, түнкү кийимди сырт кийимге алмаштырган убакта. Чак түштө уктоо үчүн кийимиңерди чечкен убакта. Куптан намазынан кийинки убакта. Анткени, бул убак уйкуга жатуучу жана сырт кийимди чечип алмаштырчу убак. Ушул үч убак авретиңер ачык болушу ыктымал. Ушул убактарда аларга уруксат бергенден кийин гана киришсин. Ал эми башка убактарда уруксатсыз кирсе, силерге да, аларга да күнөө эмес. Алар көп кирип-чыгып туруучулар. Ошол себептен аларды дайыма уруксат сурап кирүүгө көндүрүү керек. Аллах силерге уруксат суроонун өкүмдөрүн баяндаган сыяктуу, шарияттын башка кээ бир өкүмдөрүн билдирген аяттарды да баяндайт. Аллах пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү, аларга өкүмдөрдү шарият кылууда Даанышман.