Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah An-Nur — Ayah 61

لَّيۡسَ عَلَى ٱلۡأَعۡمَىٰ حَرَجٞ وَلَا عَلَى ٱلۡأَعۡرَجِ حَرَجٞ وَلَا عَلَى ٱلۡمَرِيضِ حَرَجٞ وَلَا عَلَىٰٓ أَنفُسِكُمۡ أَن تَأۡكُلُواْ مِنۢ بُيُوتِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ ءَابَآئِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ أُمَّهَٰتِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ إِخۡوَٰنِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ أَخَوَٰتِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ أَعۡمَٰمِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ عَمَّٰتِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ أَخۡوَٰلِكُمۡ أَوۡ بُيُوتِ خَٰلَٰتِكُمۡ أَوۡ مَا مَلَكۡتُم مَّفَاتِحَهُۥٓ أَوۡ صَدِيقِكُمۡۚ لَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٌ أَن تَأۡكُلُواْ جَمِيعًا أَوۡ أَشۡتَاتٗاۚ فَإِذَا دَخَلۡتُم بُيُوتٗا فَسَلِّمُواْ عَلَىٰٓ أَنفُسِكُمۡ تَحِيَّةٗ مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِ مُبَٰرَكَةٗ طَيِّبَةٗۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ ٦١
Көзү көрбөгөн сокурга күнөө болбойт, чолокко күнөө болбойт, оорулууга күнөө болбойт, эгер алар Аллах жолунда согушуу сыяктуу милдеттерди аткара албай калышкан болсо. Оо, ыймандуулар! Силер үчүн өз үйүңөрдөн тамак жесеңер күнөө болбойт же балдарыңардын үйүнөн же атаңардын үйүнөн же апаңардын үйүнөн же ага-инилериңердин үйүнөн же эже-карындаштарыңардын үйүнөн же абаларыңардын үйүнөн же эжелериңердин (атаңардын эже-карандаштарынын) үйүнөн же таякелериңердин үйүнөн же таежелериңердин үйүнөн же бакчанын кароолу сыяктуу силерге кароого тапшырылган үйлөрдөн жана адатта бул нерсени жаман көрбөгөн досторуңардын үйүнөн тамак жесеңер күнөө эмес. Силер үчүн чогу же өз-өзүнчө тамактанууда күнөө болбойт. Эгерде силер жогоруда айтылган сыяктуу үйлөргө же башкаларына кирсеңер, андагы адамдарга «Ассаламу алейкум (силерге тынчтык болсун!)» деп салам айткыла. А эгер эч ким болбосо, анда өзүңөргө «Бизге жана Аллахтын такыба пенделерине тынчтык болсун» деп салам айткыла. Аллах тараптан силерге шарият кылынган бул саламдашуу берекелүү, анткени ал силердин ортоңордо сүйүүнү жана жакындыкты таратат, ошондой эле ал уккан адамдын жан дүйнөсүнө жагымдуу. Сүрөөдөгү келген жогорудагы баяндоо сыяктуу Аллах аяттарды баяндайт. Балким акыл жүгүртөсүңөр жана андагы айтылгандарды аткарасыңар.