Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah An-Nur — Ayah 63

لَّا تَجۡعَلُواْ دُعَآءَ ٱلرَّسُولِ بَيۡنَكُمۡ كَدُعَآءِ بَعۡضِكُم بَعۡضٗاۚ قَدۡ يَعۡلَمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ يَتَسَلَّلُونَ مِنكُمۡ لِوَاذٗاۚ فَلۡيَحۡذَرِ ٱلَّذِينَ يُخَالِفُونَ عَنۡ أَمۡرِهِۦٓ أَن تُصِيبَهُمۡ فِتۡنَةٌ أَوۡ يُصِيبَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٌ ٦٣
О, ыймандуулар! Аллахтын элчисин сыйлагыла! Ага кайрылганда, бири-бириңерге кайрылгандай аны: «Мухаммад» деп, же атасынын атынан айтып: «Абдуллахтын баласы» деп чакырбагыла! Ага: «Аллахтын элчиси! Аллахтын пайгамбары» деп кайрылгыла. Эгер ал силерди жалпы ишке чакырса, анын чакырыгын бири-бириңерди чакыргандай кабыл кылбагыла. Тескерисинче, ага тез жооп берүүгө шашылгыла. Аллах силердин араңардан уруксатсыз, байкатпай кетип калгандарды жакшы билет. Андыктан, Аллахтын элчисинин буйругуна каршы чыккандар, Аллах алардын башына балээ түшүрүүсүнөн же алар чыдабаган оор азапка кириптер кылуусунан сак болушсун!