Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Ash-Shu'ara — Ayah 49

قَالَ ءَامَنتُمۡ لَهُۥ قَبۡلَ أَنۡ ءَاذَنَ لَكُمۡۖ إِنَّهُۥ لَكَبِيرُكُمُ ٱلَّذِي عَلَّمَكُمُ ٱلسِّحۡرَ فَلَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَۚ لَأُقَطِّعَنَّ أَيۡدِيَكُمۡ وَأَرۡجُلَكُم مِّنۡ خِلَٰفٖ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمۡ أَجۡمَعِينَ ٤٩
Фараон ал сыйкырчылардын ыйман келтиришкенин четке кагып мындай деди: «Менин уруксатымсыз эле Мусага ыйман келтирдиңерби? Чынында Муса силерге сыйкырчылыкты үйрөткөн башчыңар турбайбы. Көрсө силер баарыңар мисирликтерди өз жеринен чыгарайын деп келишкен турбайсыңарбы. Силерге кандай жаза береримди жакында билесиңер. Мен эми ар бириңердин оң буту менен сол колун же сол буту менен оң колун кайчылаш кесемин жана баарыңарды курма дарагынын сөңгөктөрүнө асамын. Бириңерди да калтырбайм».