Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 1

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ ٱتَّقِ ٱللَّهَ وَلَا تُطِعِ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا ١
Оо, пайгамбар! Сен жана сени менен бирге болгондор Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап такыбалыкка бекем болгула жана жалгыз Андан корккула! Жана каапырлар менен эки жүздүүлөргө алардын напсилери каалаган нерседе баш ийбегиле! Чындыгында Аллах каапырлар менен эки жүздүүлөрдүн айла-амалдарын Билүүчү, Өзүнүн жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман.