Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 13

وَإِذۡ قَالَت طَّآئِفَةٞ مِّنۡهُمۡ يَٰٓأَهۡلَ يَثۡرِبَ لَا مُقَامَ لَكُمۡ فَٱرۡجِعُواْۚ وَيَسۡتَـٔۡذِنُ فَرِيقٞ مِّنۡهُمُ ٱلنَّبِيَّ يَقُولُونَ إِنَّ بُيُوتَنَا عَوۡرَةٞ وَمَا هِيَ بِعَوۡرَةٍۖ إِن يُرِيدُونَ إِلَّا فِرَارٗا ١٣
Оо, пайгамбар! Эстечи, ошол кезде эки жүздүүлөрдүн бир тобу Мединанын элине: «Эй, Ясрибдин эли! (Ясриб Мединанын Исламга чейинки аталышы) Хандакка жакын жердеги Сала тоосунун этегинде турбай эле койгула! Андан көрө үйүңөргө кайткыла!» – дешти. Ал эми алардын башка бир тобу «үйлөрүбүз душманга ачык калды» деген шылтоо менен пайгамбардан үйлөрүнө кетүүгө уруксат сурашты. Бирок алар ойлогондой ачык калган эмес. Акыйкатта алар бул жалган шылтоо менен душмандан качууну каалашкан.