Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 22

وَلَمَّا رَءَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلۡأَحۡزَابَ قَالُواْ هَٰذَا مَا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَصَدَقَ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥۚ وَمَا زَادَهُمۡ إِلَّآ إِيمَٰنٗا وَتَسۡلِيمٗا ٢٢
Качан ыймандуулар аларга каршы согушууга бириккен жоон топторду көргөндө айтышты: «Бул Аллахтын жана Анын элчисинин бизге кыйынчылыктар, сыноолор жана жеңиш тууралуу айткан убадасы. Аллах жана Анын элчиси бул нерседе чындыкты айтыптыр. Ошол эми ишке ашып жатат». Алардын жоон топторду көрүүсү Аллахка болгон ыймандарын жана моюн сунууларын гана күчөттү.