Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 24

لِّيَجۡزِيَ ٱللَّهُ ٱلصَّٰدِقِينَ بِصِدۡقِهِمۡ وَيُعَذِّبَ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ إِن شَآءَ أَوۡ يَتُوبَ عَلَيۡهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا ٢٤
Аллах чынчылдарды өз чынчылдыктары жана Ага берген убадаларын аткаргандыктары себептүү аларды сыйлаш үчүн жана убадаларын бузган эки жүздүүлөрдү азапташ үчүн ушундай кылды. Эгер Ал кааласа аларды каапырлыктарына тообо кылышканына чейин өлтүрөт же аларга тообо кылууга ийгилик берип, тооболорун кабыл кылат. Чындыгында Аллах күнөөлөрүнө тообо кылгандарга Кечиримдүү, Ырайымдуу.