Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 35

إِنَّ ٱلۡمُسۡلِمِينَ وَٱلۡمُسۡلِمَٰتِ وَٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ وَٱلۡقَٰنِتِينَ وَٱلۡقَٰنِتَٰتِ وَٱلصَّٰدِقِينَ وَٱلصَّٰدِقَٰتِ وَٱلصَّٰبِرِينَ وَٱلصَّٰبِرَٰتِ وَٱلۡخَٰشِعِينَ وَٱلۡخَٰشِعَٰتِ وَٱلۡمُتَصَدِّقِينَ وَٱلۡمُتَصَدِّقَٰتِ وَٱلصَّٰٓئِمِينَ وَٱلصَّٰٓئِمَٰتِ وَٱلۡحَٰفِظِينَ فُرُوجَهُمۡ وَٱلۡحَٰفِظَٰتِ وَٱلذَّٰكِرِينَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا وَٱلذَّٰكِرَٰتِ أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُم مَّغۡفِرَةٗ وَأَجۡرًا عَظِيمٗا ٣٥
Чынында, Аллахка баш ийүү менен өздөрүн төмөн туткан эркектер жана аялдар, Аллахка чындап ишенген эркектер жана аялдар, Аллахка моюн сунган эркектер жана аялдар, ыйманында, сөзүндө чынчыл эркектер жана аялдар, ибадатка, күнөөгө барбоого, сыноолорго сабыр кылган эркектер жана аялдар, милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө өз мал-мүлктөрүнөн садага берген эркектер жана аялдар, Аллах үчүн парз жана напил орозо туткан эркектер жана аялдар, өздөрүнө адал эмес адамдардын алдында авретин көрсөтпөй жапкан, зынадан жана ага чакыра турган себептерден жыныс мүчөсүн сактаган эркектер жана аялдар, Аллахты ачык, жашыруун абалда жүрөгү жана тили менен эстеген эркектер жана аялдар – Аллах алардын күнөөлөрүн кечирүүгө даяр жана аларга Кыямат күнү берилчү чоң сыйды - бейишти даярдап койгон.