Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 49

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نَكَحۡتُمُ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ ثُمَّ طَلَّقۡتُمُوهُنَّ مِن قَبۡلِ أَن تَمَسُّوهُنَّ فَمَا لَكُمۡ عَلَيۡهِنَّ مِنۡ عِدَّةٖ تَعۡتَدُّونَهَاۖ فَمَتِّعُوهُنَّ وَسَرِّحُوهُنَّ سَرَاحٗا جَمِيلٗا ٤٩
О, Аллахка ыйман келтирип, Аны шариятын аткаргандар! Эгерде ыймандуу аялдарды никеге алгандан кийин жыныстык мамиле кылбай туруп талагын берсеңер, анда алар мейли айыз мөөнөтү болсун, мейли ай мөөнөтү болсун иддага отурбайт. Анткени, жыныстык мамиле болбогон үчүн алардын боюнда жок. Талактын айынан чөккөн көңүлүн көтөрүп, жоомарттыгыңарга жараша мал-мүлкүңөрдөн бергиле жана аларга зыян тийгизбестен төркүнүнө коё бергиле.