Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 53

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَدۡخُلُواْ بُيُوتَ ٱلنَّبِيِّ إِلَّآ أَن يُؤۡذَنَ لَكُمۡ إِلَىٰ طَعَامٍ غَيۡرَ نَٰظِرِينَ إِنَىٰهُ وَلَٰكِنۡ إِذَا دُعِيتُمۡ فَٱدۡخُلُواْ فَإِذَا طَعِمۡتُمۡ فَٱنتَشِرُواْ وَلَا مُسۡتَـٔۡنِسِينَ لِحَدِيثٍۚ إِنَّ ذَٰلِكُمۡ كَانَ يُؤۡذِي ٱلنَّبِيَّ فَيَسۡتَحۡيِۦ مِنكُمۡۖ وَٱللَّهُ لَا يَسۡتَحۡيِۦ مِنَ ٱلۡحَقِّۚ وَإِذَا سَأَلۡتُمُوهُنَّ مَتَٰعٗا فَسۡـَٔلُوهُنَّ مِن وَرَآءِ حِجَابٖۚ ذَٰلِكُمۡ أَطۡهَرُ لِقُلُوبِكُمۡ وَقُلُوبِهِنَّۚ وَمَا كَانَ لَكُمۡ أَن تُؤۡذُواْ رَسُولَ ٱللَّهِ وَلَآ أَن تَنكِحُوٓاْ أَزۡوَٰجَهُۥ مِنۢ بَعۡدِهِۦٓ أَبَدًاۚ إِنَّ ذَٰلِكُمۡ كَانَ عِندَ ٱللَّهِ عَظِيمًا ٥٣
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Силерди тамакка чакырып, кирүүгө уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамактын бышканын күтүп көпкө олтура бербегиле! Бирок тамакка чакырылсаңар, анда киргиле. Жеп бүткөндөн кийин шыр тарап кеткиле. Андан кийин бири-бириңер менен сүйлөшүп сөзгө алаксып олтура бербегиле. Чындыгында бул олтурганыңар пайгамбарды кыжалат кылат. Ал силерди кеткиле деп айткандан уялат. Аллах болсо акыйкатка буйругандан уялбайт. Ал силерге пайгамбарга зыян бербеш үчүн олтурбастан кетүүңөрдү буйруйт. Эгерде силер пайгамбардын аялдарынан идиш-аяк сыяктуу ж.б. керек болгон нерселерди сурасаңар, аны парданын артынан сурагыла. Аллахтын элчисинин урматы үчүн жана аларды коргоо үчүн алар силерди көрө тургандай абалда бетме-бет сурабагыла! Шайтан силердин жана алардын жүрөктөрүнө кирип азгырбоосу үчүн жана күнөөнү кооз кылбашы үчүн ушундай кылып парда артынан сураганыңар силердин жүрөгүңөр үчүн да, алардын жүрөктөрү үчүн да тазараак. Эй, ыймандуулар! Силер үчүн Аллахтын элчисин кыжалат кылып сүйлөшүп олтурганга болбойт, ошондой эле ал дүйнөдөн өткөндөн кийин анын аялдарына үйлөнгөнгө да болбойт. Алар ыймандуулардын энелери. Эч кимге өз энесине үйлөнүүгө уруксат эмес. Чындыгында антип кыжалат кылганыңар, ошондой эле ал өткөндөн кийин аялдарына үйлөнгөнүңөр арам жана Аллахтын алдында чоң күнөө.