Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Al-Ahzab — Ayah 9

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ إِذۡ جَآءَتۡكُمۡ جُنُودٞ فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ رِيحٗا وَجُنُودٗا لَّمۡ تَرَوۡهَاۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرًا ٩
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана шариятын аткаргандар! Аллахтын силерге берген жакшылыгын эстегиле, бир кезде каапырлардын аскери силерге каршы согушуш үчүн топ-топ болуп Мединага келишти. Аларды эки жүздүүлөр менен жөөттөр колдошту. Ошондо Биз аларга пайгамбарды жеңишке жеткирген батыштан соккон шамалды жибердик. Ошондой эле аларга көрүнбөгөн периштелер аскерин жибердик. Ошондо каапырлар эч нерсе кыла алышпай качып жөнөштү. Чындыгында Аллах силердин кылып жатканыңарды билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында ал үчүн силерге сыйлыгын же жазасын берет.