Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Saba — Ayah 19

فَقَالُواْ رَبَّنَا بَٰعِدۡ بَيۡنَ أَسۡفَارِنَا وَظَلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ فَجَعَلۡنَٰهُمۡ أَحَادِيثَ وَمَزَّقۡنَٰهُمۡ كُلَّ مُمَزَّقٍۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّكُلِّ صَبَّارٖ شَكُورٖ ١٩
Аллахтын аларга аралыктарды жакындатып кылган жакшылыгына шүгүр кылышкан жок. Алар айтышты: «Оо, Раббибиз! Сен ал шаарларды жок кылып биздин сапар жолдорубузду алыстат, биз жол түйшүгүн тарталы жана биз минген төөлөрдүн артыкчылыгы да билинсин». Алар Аллахтын жакшылыгын танып, Ага шүгүр кылуудан баш тартышты жана алардан болгон кедейлерге көрө албастык кылып өздөрүнө зулум кылышты. Ошентип Биз аларды кийинкилер кеп кылган сөзгө айландырып койдук, алар бири-бири менен байланыша албай тургандай аларды бытыранды кылып чар тарапка чачтык. Чындыгында Сабаа элине берилген жакшылык, андан соң алардын каапырлыктары жана текеберликтери себептүү аларга келген балээ-азаптарда, Аллахка баш ийген, күнөөлөрдөн алыс болгон, кыйынчылыктарга сабырдуу болгон пенделер үчүн жана Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылгандар үчүн үлгү-сабактар бар.