Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Sad — Ayah 24

قَالَ لَقَدۡ ظَلَمَكَ بِسُؤَالِ نَعۡجَتِكَ إِلَىٰ نِعَاجِهِۦۖ وَإِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلۡخُلَطَآءِ لَيَبۡغِي بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٍ إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَقَلِيلٞ مَّا هُمۡۗ وَظَنَّ دَاوُۥدُ أَنَّمَا فَتَنَّٰهُ فَٱسۡتَغۡفَرَ رَبَّهُۥ وَخَرَّۤ رَاكِعٗاۤ وَأَنَابَ۩ ٢٤
Дауд ал экөөнүн ортосунда өкүм кылып доогерге кайрылып мындай деди: «Сенин коюңду өзүнүн койлоруна кошуп алууну талап кылуу менен бул диндеш бир тууганың сага зулумдук кылыптыр. Чынында канча деген шериктер өз ара акысын бербей жана калыстык кылбай аша чабышат. Жакшылык иштерди кылган ыймандуулар гана шериктерине адил мамиле кылат, аларга зулум кылышпайт. Мындай сыпаттагылар өтө сейрек». Ошондо Дауд Биз аны бул талаш-тартыш аркылуу сынап жатканыбызды билип калып, Раббисинен кечирим сурады, Аллахка жакындаш үчүн сажда кылды жана Ага тообо кылды.