Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Sad — Ayah 26

يَٰدَاوُۥدُ إِنَّا جَعَلۡنَٰكَ خَلِيفَةٗ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱحۡكُم بَيۡنَ ٱلنَّاسِ بِٱلۡحَقِّ وَلَا تَتَّبِعِ ٱلۡهَوَىٰ فَيُضِلَّكَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَضِلُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدُۢ بِمَا نَسُواْ يَوۡمَ ٱلۡحِسَابِ ٢٦
Оо, Дауд! Биз сени жер бетинде диний жана дүйнөлүк өкүм-буйруктарды ишке ашырууң үчүн орун басар кылдык. Эми сен адамдардын ортосунда адилеттик менен өкүм кыл. Адамдардын ортосунда өкүм кылууда напси каалооңо ээрчибе! Туугандык же достук себептүү эки тараптын бир жагына тартпа же душмандык себептүү экинчи тарапка зыян бербе. Антсең сени напси каалооң Аллахтын туура жолунан адаштырып коёт. Чындыгында Аллахтын туура жолунан адашкандар сурак күнүн унутушканы себептүү аларга катуу азап болот. Эгерде алар аны эстешкенде жана андан коркушканда, анда напси каалоолоруна ээрчишпейт болчу.