Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Sad — Ayah 28

أَمۡ نَجۡعَلُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ كَٱلۡمُفۡسِدِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ نَجۡعَلُ ٱلۡمُتَّقِينَ كَٱلۡفُجَّارِ ٢٨
Биз Аллахка ыйман келтиргендерди, Анын элчисин ээрчигендерди жана жакшылык иштерди кылгандарды жер бетинде каапырлык жана күнөөлөрдү кылгандарга эч качан теңебейбиз. Ошондой эле Раббисинин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Ага моюн сунгандарды каапырлардай, эки жүздүүлөрдөй жана күнөөгө баткан адамдардай кылбайбыз. Чындыгында аларды теңөө Аллахка ылайык келбегендей зулумдук. Тескерисинче, Аллах таза ыймандууларды бейишке киргизип сыйлайт, ал эми шоордуу каапырларды тозокко киргизип жазалайт. Анткени алар Аллахтын алдында бирдей эмес, алардын сыйлык-жазалары да бирдей болбойт.