Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Sad — Ayah 4

وَعَجِبُوٓاْ أَن جَآءَهُم مُّنذِرٞ مِّنۡهُمۡۖ وَقَالَ ٱلۡكَٰفِرُونَ هَٰذَا سَٰحِرٞ كَذَّابٌ ٤
Аларга өздөрүнөн болгон пайгамбар келип Аллахтын азабынан коркуткан кезде алар таң калышты. Алар каапырлыктан да кайтышкан жок. Качан каапырлар Мухаммад алып келген нерсенин чындык экендигине далилдерди көрүшкөндө мындай дешти: «Бул киши адамдарды сыйкырлаган сыйкырчы, Аллах тараптан вахий түшкөн пайгамбармын деп айтып сөзү жалган.