Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Sad — Ayah 6

وَٱنطَلَقَ ٱلۡمَلَأُ مِنۡهُمۡ أَنِ ٱمۡشُواْ وَٱصۡبِرُواْ عَلَىٰٓ ءَالِهَتِكُمۡۖ إِنَّ هَٰذَا لَشَيۡءٞ يُرَادُ ٦
Алардын кадырмандары жана башчылары кетип баратканда аларды ээрчигендерге мындай деди: «Бараткан жолуңардан тайбагыла! Мухаммаддын динине кирбегиле! Кудайларыңарга сыйынуу жолунда бекем болгула! Чындыгында Мухаммаддын силерди бир кудайга сыйынууга чакырганынын артында көздөгөн бир нерсеси бар, ал муну менен бизге үстөмдүк кылып, бизди ээрчитүүнү каалап жатат.