Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Sad — Ayah 65

قُلۡ إِنَّمَآ أَنَا۠ مُنذِرٞۖ وَمَا مِنۡ إِلَٰهٍ إِلَّا ٱللَّهُ ٱلۡوَٰحِدُ ٱلۡقَهَّارُ ٦٥
Оо, Мухаммад! Коомуңдагы каапырларга айт: «Акыйкатта мен болгону силерге каапырлыгыңар жана пайгамбарларды жалганга чыгарганыңар себептүү Аллахтын азабы келип калуусунан эскертүүчүмүн. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал Өз улуктугунда жана ысым-сыпаттарында Жалгыз. Ал баарын багынткан жана баш ийдирген Каардуу.