Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 24

أَفَمَن يَتَّقِي بِوَجۡهِهِۦ سُوٓءَ ٱلۡعَذَابِ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ وَقِيلَ لِلظَّٰلِمِينَ ذُوقُواْ مَا كُنتُمۡ تَكۡسِبُونَ ٢٤
Аллах туура жолго салган, дүйнөдө ийгилик берген жана акыретте бейишке киргизген адам менен каапырлык кылып ошол жолдо өлгөн, колу-буту кишенделип тозокко кирген адам тең болобу? Ал жер сүргөн жүзү менен тозоктон коргоно албайт. Каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зыян бергендерге жемелөө катары айтылат: «Өзүңөр кылган каапырлык менен күнөөлөрдүн азабын таткыла! Бул силердин жазаңар».