Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 29

ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا رَّجُلٗا فِيهِ شُرَكَآءُ مُتَشَٰكِسُونَ وَرَجُلٗا سَلَمٗا لِّرَجُلٍ هَلۡ يَسۡتَوِيَانِ مَثَلًاۚ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ ٢٩
Аллах ширк кылган адам менен Ага гана сыйынган адамды салыштырып мисал келтирди. Ыркы келишпеген эки шериктин бир эркек кулу бар, ал бирөөсүн ыраазы кылса, экинчисин ачуулантат. Ошол себептеп ал эмне кыларын билбей башы маң. Ошондой эле бир эркекке тийиштүү бир кул бар, ал ага өзү гана ээлик кылат, ал анын максатын билет. Анын көңүлү тынч, эч кандай кабатырлануу жок. Эми ушул эки эки эркек тең болобу? Аллахка мактоолор болсун! Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. Ошол себептен Аллахка башкаларды шерик кылышат.