Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 3

أَلَا لِلَّهِ ٱلدِّينُ ٱلۡخَالِصُۚ وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ مَا نَعۡبُدُهُمۡ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلۡفَىٰٓ إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ فِي مَا هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ كَٰذِبٞ كَفَّارٞ ٣
Ширктен таза болгон дин Аллахка гана таандык! Ал эми Аллахтан башка кудайларды жана тагуттарды колдоочу тутуп аларга сыйынгандар бул кылгандарынын шылтоосу катары мындай деп айтышат: «Биз аларга бизди Аллахка бир аз болсо да жакындатсын, муктаждыктарыбызды Ага айтсын жана Анын алдында бизге ортомчулук кылышсын деп гана сыйынабыз». Чындыгында Аллах Ага гана сыйынган ыймандуулар менен мушрик каапырлардын ортосундагы Аллахты жалгыздоого байланышкан талаш-тартыштары тууралуу кыяматта өкүм кылат. Аллахтын шериги бар деп жана Анын жакшылыктарын танып кеткендерге Ал акыйкатка карай ийгилик бербейт.