Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 32

۞ فَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن كَذَبَ عَلَى ٱللَّهِ وَكَذَّبَ بِٱلصِّدۡقِ إِذۡ جَآءَهُۥٓۚ أَلَيۡسَ فِي جَهَنَّمَ مَثۡوٗى لِّلۡكَٰفِرِينَ ٣٢
Шериги бар, аялы бар, баласы бар деп Аллахка ылайык келбеген нерсени Ага тийиштүү кылган адамдан да өткөн залым жок. Ошондой эле Аллахтын элчиси алып келген вахийди жалганга чыгарган адамдан да өткөн залым жок. Аллахка каапыр болгондор үчүн тозокто орун жок бекен? Албетте, бар! Чындыгында алар үчүн ал жакта орун да, жай да бар.