Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 36

أَلَيۡسَ ٱللَّهُ بِكَافٍ عَبۡدَهُۥۖ وَيُخَوِّفُونَكَ بِٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦۚ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنۡ هَادٖ ٣٦
Аллах пендеси Мухаммадга дин жана дүйнө иштеринде, ошондой эле аны душмандарынан коргоого Өзү жетиштүү эмеспи?! Албетте, Ал ага Өзү жетиштүү! Оо, пайгамбар! Алар наадандыктан жана кем акылдыктан өздөрү Аллах менен катар сыйынышкан кудайлары сага зыян берет деп сени коркутушат. Аллах кимди жардамсыз таштап, туура жолго түшүүгө ийгилик бербесе, анда аны туура жолго салган, ага ийлигик берген эч ким болбойт.