Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 38

وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُۚ قُلۡ أَفَرَءَيۡتُم مَّا تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ إِنۡ أَرَادَنِيَ ٱللَّهُ بِضُرٍّ هَلۡ هُنَّ كَٰشِفَٰتُ ضُرِّهِۦٓ أَوۡ أَرَادَنِي بِرَحۡمَةٍ هَلۡ هُنَّ مُمۡسِكَٰتُ رَحۡمَتِهِۦۚ قُلۡ حَسۡبِيَ ٱللَّهُۖ عَلَيۡهِ يَتَوَكَّلُ ٱلۡمُتَوَكِّلُونَ ٣٨
Оо, пайгамбар! Эгерде мушриктерден: «Асмандар менен Жерди ким жараткан?» – деп сурасаң, алар: «Аны Аллах жараткан» – деп гана айтышат. Аларга кудайларынын алсыздыгын жар салып мындай деп айт: «Силер Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар тууралуу мага айткылачы, эгер Аллах мага зыян берүүнү кааласа, алар мени андан куткара алышабы?! Же болбосо, Раббим мага Өз алдынан ырайым тартууласа, алар аны менден тосо алышабы?!». Аларга айткын: «Аллахтын Өзү мага жетиштүү! Бүткүл ишимде Ага гана тобокел кыламын. Тобокел кылган адамдар жалгыз Ага гана таянышат».