Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 44

قُل لِّلَّهِ ٱلشَّفَٰعَةُ جَمِيعٗاۖ لَّهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ ثُمَّ إِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ ٤٤
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Бүткүл шапаат Аллахка гана таандык. Анын алдында Анын уруксатысыз эч ким шапаат кыла албайт, Өзү ыраазы болгондор гана шапаат кылышат. Асмандардын жана Жердин мүлкү жалгыз Ага гана таандык. Кийин кыяматта сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн жалгыз Ага гана кайтасыңар. Ал силерге иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет».