Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 47

وَلَوۡ أَنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ مَا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا وَمِثۡلَهُۥ مَعَهُۥ لَٱفۡتَدَوۡاْ بِهِۦ مِن سُوٓءِ ٱلۡعَذَابِ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ وَبَدَا لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ مَا لَمۡ يَكُونُواْ يَحۡتَسِبُونَ ٤٧
Эгер ширк жана күнөө кылып өзүнө зулум кылгандарга жер бетиндеги бардык байлыктар жана андан бир нече эсе көп байлык таандык болсо, кайра тирилүүдөн кийин көрө турган катуу азаптан кутулуу үчүн байлыктын баарын садага чаап жибермек. Бирок, аларга андай кылууга уруксат берилбейт. Чындап аларда ошончо мүлкү болсо да, баары бир кабыл кылынбайт. Аллах тараптан алар үчүн күтүлбөгөндөй азаптын түрлөрү ачыкка чыгат.