Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 49

فَإِذَا مَسَّ ٱلۡإِنسَٰنَ ضُرّٞ دَعَانَا ثُمَّ إِذَا خَوَّلۡنَٰهُ نِعۡمَةٗ مِّنَّا قَالَ إِنَّمَآ أُوتِيتُهُۥ عَلَىٰ عِلۡمِۭۚ بَلۡ هِيَ فِتۡنَةٞ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ ٤٩
Эгерде каапыр адам ооруга же жакырлыкка кабылса, Биз аны куткарышыбыз үчүн дуба кылат. Кийин Биз ага жакшылык кылып ден-соолук же байлык берсек, ал каапыр: «Аллах мага муну татыктуу экенимди билген үчүн гана берди» – дейт. Чынында бул сыноо жана акырындык менен жазалоо болчу. Бирок каапырлардын көпчүлүгү муну билишпейт. Аллах аларга берген жакшылыктар себептүү куру кыялдарга азгырылышат.