Kyrgyz Mokhtasar

Multiple Ayahs

Tags

Download Links

Kyrgyz Mokhtasar tafsir for Surah Az-Zumar — Ayah 6

خَلَقَكُم مِّن نَّفۡسٖ وَٰحِدَةٖ ثُمَّ جَعَلَ مِنۡهَا زَوۡجَهَا وَأَنزَلَ لَكُم مِّنَ ٱلۡأَنۡعَٰمِ ثَمَٰنِيَةَ أَزۡوَٰجٖۚ يَخۡلُقُكُمۡ فِي بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡ خَلۡقٗا مِّنۢ بَعۡدِ خَلۡقٖ فِي ظُلُمَٰتٖ ثَلَٰثٖۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡ لَهُ ٱلۡمُلۡكُۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ فَأَنَّىٰ تُصۡرَفُونَ ٦
Эй, адамдар! Раббиңер силерди бир жандан – Адамдан жаратты, кийин андан аялы Хаваны жаратты. Ошондой эле силер үчүн төөлөрдү, уйларды, койлорду жана эчкилерди сегиз түр кылып жаратты. Ар бир түрүнөн эркек-ургаачысын жаратты. Аллах силерди энеңердин курсагында үч караңгылыкта – курсакта, жатында жана тондун ичинде баскыч-баскыч кылып жаратты. Мына ошолордун баарысын жараткан Аллах – силердин Раббиңер. Бийлик Ага гана таандык. Андай башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Эмнеге силер Ага сыйынгандын ордуна эч нерсени жараталбаган, тескерисинче өздөрү жаратылган нерселерге сыйынып жатасыңар!